30-апрелде 2021ж. Нарын мамлекеттик университетинин Ж.Саалаев атындагы илимий китепканасында  «Мендеги жакшы сапаттар учун мен китепке милдеттуумун» атту адабий кече болуп отту. Алгач Саалаевдин окуу залынын жана электрондук залдын ачылыш аземи болуп,ленталар кесилди НМУнун  ректору Э.Байбагышов кечени ачып, анын максаты менен тааныштырды.  Кеченин коноктору: Ж.Саалаев, акын, журналист, юрист,

  1. Койчуман Казакович Момункулов, КР Китеп палатасынын директору;
  2. Кыялбек Урманбетов, кыргыз эл акыны;
  3. Гүлжамила Шакирова, акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
  4. Бурулкан Сарыгулова, акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
  5. Тынара Абдыразаева, КР эл артисти катышышты.

Ж.Саалаевдин «Манас дух» китебинин бет ачары болду. Китеп тууралуу автор кенен маалымат берди. Ж.Саалаевдин, К.Урманбетованын, Г.Шакированын чыгармаларынан  педагогика факультетинин студенттери корком окуп беришип, озгочо таасир алышты. Ошондой эле Ага хандын онуктуруу программасы аркылуу китепкана заманбап технологиялар жана экономика тармагындагы китептер менен камсыз болгону студенттердин билим алуусуна чон оболго экени баса белгиленди. Ж.Саалаевге «Нарын мамлекеттик университетинин ардактуу профессору» наамы ыйгарылды. Борбордук Азия университетине ыраазычылык каты тапшырылды. Ошондой кечеге катышкан Ала Тоо университетинин китепкана окулдору, Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканасынын директору А.Байгабатова куттуктоо соз айтып, алып келген китеп белектерин тапшырышты. Илимий китепкананын фондусун акындар алып келген китептер толуктады. Жыйынтыгында активдуу, позитвдуу окурман окутуучу, студенттерге грамоталар, белектер тапшырылды.  Буд иш чара китеп адам баласынын алмашкыс байлыгы экенин тастыкдады.